Бишкек.20.06.2019.Govori.TV.
Чүй облусунун Кара-Балта шаарында эне-баланын жансыз денелери табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 55 жана 30 жаштагы эки адамдын жансыз денелери шаардагы үйлөрдүн биринен табылган. Каза болгон жарандардын өздүгү такталып, 53 жаштагы М.С. жана 31 жаштагы М.А. энеси жана уулу экени белгилүү болгон.
Учурда ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерде иш алып барышып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.