• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кара-Балтада жаш жигит ур-токмоктон улам көз жумду

22 Тогуздун айы 2021 17:10 Бишкек Govori.TV

Кара-Балтада 24 жаштагы жаран ур-токмоктон улам көз жумду. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя 12-октябрда болгон.

«Ооруканага сабалган жигит келип түшкөн. Ал комага түшүп, 19-октябрда каза болуп калган. Аталган факт Жазык кодексинин 138-беренеси менен (Ден соолукка оор зыян келтирүү) КЖБРга катталган.

Тергөөчүлөрдүн билдирүүсүнө караганда, маркумду тааныштары сабап салган. Чүй ОИИББдин жана Жайыл РИИБдин кызматкерлери шектүүлөрдүн биринин изине түшкөн. Ал 24 жаштагы А.И. экени белгилүү болду», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, А.И. камакка алынды. Ал эми экинчи шектүү — 31 жаштагы Т.В. издөөгө алынды.

Тергөө уланууда.

Количество просмотров: 5959