Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жол кырсыгынан 1 киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, , ВАЗ 2107 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдун жээгинде токтоп турган сүт ташуучу унааны сүзгөн.
«Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши каза болгон (аты-жөнү такталууда) жана 2000-жылы туулган А.Э. аттуу эркек киши жаракат алды. Куткаруучулар жеткенге чейин жабырлануучуну «Тез жардам» кызматы менен ооруканага жеткирилди», — деп айтылат маалыматта.
Ал эми куткаруучулар каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.