• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Кара-Балтадагы каргалар эмнеден улам өлгөн?

18 Бештин айы 201712:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.12.17.Govori.TV. 

Govori.tv маалымат агенттигине, Жайыл районунун фитосанитардык башкармалыгынын башчысы Насытбек Мураталиев каргалар жөн гана сууктан же ачкадан өлүп жататканын билдирди.

“Биз Кара-Балтада өлүп калган каргалардын баардыгын лабораторияга жеткирип бергенбиз. 15-декабрда экспертизанын жыйынтыгы чыгарылып, каргалардан эч кандай вирус жана инфекциянын жыйынтыгы чыккан жок” –деди Насытбек Мураталиев.

Эске салсак, 6-декабрда жергиликтүү тургундар бакча аянттында каргалардын өлүп калгандыгы тууралуу тийешелүу мекемелерге кабарлашып, эмнеден улам массалык түрдө өлуп жатканын аныктоону талап кылышкан.

Количество просмотров: 33