Бүгүн, 22-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты.
Мыйзамга ылайык, мындан ары Кара-Буура району Чынгыз Айтматов району, Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл аймагы Ормонхан айыл аймагы, Кара-Буура районундагы Чимгент айылы Чолпонбай айылы, Ноокат районундагы Борбаш айылы Кайрагач айылы деп аталат.
Мыйзам долбоорун Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров демилгелеген.