• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кара-Көл шаардык архитектура башчысы кармалды

10 Бирдин айы 202610:25 Бишкек Govori.TV

Кара-Көл шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысы У.Б. тарабынан уюштурулган жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү боюнча коррупциялык схема аныкталды.

УКМКдан билдиришкендей, У.Б. 2021-жылы Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башкы адиси болуп иштеп турганда Баш-Дебе айыл өкмөтүнөн ар бири 700 чарчы метр болгон төрт жер тилкесин бөлүп берүү үчүн жаран М.Д.дан 2 млн сом алгандыгы аныкталган.

Ал бардык зарыл болгон жол-жоболорду расмий эмес түрдө аткарууга убада берип, кийинчерээк мамлекеттик акттарды түзүү жана жер тилкелерин каттоо үчүн кошумча 200 миң сом алган. Көп өтпөй өлкөдө коррупцияга каршы күрөш башталып, У.Б. өзүнүн кылмыштуу планын ишке ашыра албай калган.

Мындан улам У.Б. белгиленген жер тилкелерди М.Д.га өткөрүп бере алган эмес жана алынган 2,2 млн сомду жеке муктаждыктарына жумшаган.

2026-жылдын 4-февралында У.Б.га карата «Кызмат абалын алдамчылык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып, башка тиешелүү адамдарды жана ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Количество просмотров: 104