• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Кара-Көлдө 22 жаштагы жигит изделүүдө

27 Кулжа 202415:51 Бишкек Govori.TV

Кара-Көл шаарынын тургуну 2002-жылы туулган Салымбаев Ырыскелди Медербекович изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал үстүбүздөгү жылдын 18-майында Кара-Көл шаарынын Акынай көчөсү №2 дарегиндеги үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Учурда Салымбаев Ырыскелди Медербековичтин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Өзгөчө белгилери: бою 165-170 см, кашы, көзү, чачы кара, кара-тору жүздүү, арык дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: кара түстөгү футболка, кара түстөгү спорттук шым, кара түстөгү кроссовки болгон.

«Дайынсыз болуп жаткан Ырыскелди Салымбаев тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер 102, (03746) 5-12-00, 0708 39 01 39 номерлери аркылуу кабарлап коюуңуздарды суранабыз», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 140