Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Бишкек-Ош унаа жолунун 369-чакырымында жол кырсыгынан 2 киши жабыркап, айдоочу каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Mercedes Benz Sprinter” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу каза болуп (1990-ж.т. А.А.) жана 2 аял киши жабыркаган.
Жерине Кара-Көл шаардык №94 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар жабыркаган адамдарды чыгарып, Кара-Көл шаарынын ооруканасына жеткирилген. Ал эми каза болгон жаранды куткаруучулар унаадан чыгарышып «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен.