• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Кара-Кече көмүр кенин топ адамдар басып алганы тууралуу маалымат айтылды

6 Тогуздун айы 202020:51 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенин бүгүн, 6-октябрда саат 15.00 чамасында топ киши басып алышты. Бул тууралуу Кара-Кече көмүр кенин караган «Кыргызкөмүр» ишканасы маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ишкананын Кара-Кечедеги филиалын 100дөй кишиден турган топ ээлеп алган.

«Кыргызкөмүр» ишканасы кенди басып алууну «Саяк» деген каймана аты бар кримавторитет Кадыркулов уюштурган деген маалымат бар экенин кабарлады.

Ишкананын маалыматына караганда, басып алгандар филиалдын кассасынан акча жана көмүр иштетүүдөн түшкөн жарым миллион сомдон ашык каражатты тартып алган. Филиалдын директорун, башкы инженерди өз ыктыяры менен кызматтан кеттим деген арыз жазууга мажбурлап, жетекчиликтин алмашуусун талап кылып жатканы айтылды.

«Кыргызкөмүр» көптөгөн машинелер кенге документсиз жана төлөмсүз кирип жатканын, бул жагдай жана кенди басып алуу 2020-2021-жылдагы жылуулук берүү мезгилине терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин эскертти.

Ишкананын жетекчиси Канатбек Ашырбаев буга чара көрүүнү өтүнүп, УКМК, ИИМ жана Координациялык кеңешке кайрылган.

https://www.facebook.com/jiyde.zootbekovajiyde/videos/3283078275079529
Количество просмотров: 72