• Шаршемби 24 Теке 2024
  • Среда 24 Июль 2024

Кара-Кулжада сел төрт адамды агызып кетти

1 Теке 2024 11:51 Бишкек Govori.TV

Кара-Кулжада сел төрт адамды агызып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, селге агып кеткендердин үчөөнүн сөөгү табылган. Бир адам дале изделип жатат.

30-июнь күнү Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл аймагында саат 20:00 чамасында катуу жамгыр жаап, Жетим-Дөбө айылынын Абышка-Ооз тилкесинде саат 21:50 чамасында Daewoo Matiz үлгүсүндөгү (мам номери 06KG489AFT) автоунаа селдин агымына туш болуп, аны сел агызып кеткен.

Ички иштер министрлигинин Ош облустук башкармалыгы тараткан билдирүүдө селге агып кеткен адам Күзѳт кызматынын кызматкери болгону, каза болгондордун бири анын аялы, экөө уулу экени айтылат. Аман калган адам милиция кызматкеринин кызы болгон.

Количество просмотров: 71