Бишкек.03.06.2019.Govori.TV.
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда 13 жаштагы А.Н аттуу өспүрүм асынып алды. Бул тууралуу ОИИББдан кабарлашты.
Маалым болгондой, өспүрүм кыз үйүнүн алдындагы короого моюн орогучу менен асынып алган. Окуя катталган жерге ыкчам иликтөө тобу барган. Ал эми соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүгө кыздын ата-энеси баш тарткан.
Андан тышкары маркумдун мындай кадамдарга баруусуна эмне себеп болгону такталууда. Алдын ала алынган маалыматка ылайык, кыздын үй-бүлөсү жана мектептеги тааныштары арасында эч кандай жаман мамиле болгон эмес.