• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кара-Сууда 2,5 жаштагы бала тамакка ууланып каза болду.Жогорку Кеңеш Казакстанда кармалган депутаттын тергөө ишине кийлигишпейт. Соңку жаңылыктар 19.02.18.

19 Бирдин айы 2018 13:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек.19.02.2018.Govori.TV

Жогорку Кеңеш Асылбек уулу Дамирбектин  тергөө ишине кийлигишпейт

Жогорку Кеңеш жана парламент төрагасы Казакстанда кармалган депутат Асылбек уулу Дамирбектин ишин тергөөгө кийлигишпейт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.Анын айтымында, бул Жогорку Кеңештин ишмердиги менен байланышы жок иш.“Эгер депутатка кылмыш иши козголсо, тергөө болуп жатса ага Жогорку Кеңеш жана төрага аралашпайт. Регламент боюнча депутаттын айыбы далилденсе, өзү жооп берет”, — деди Ибраим Нуракун уулу.Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу 17-февралда Казакстанда кармалганы белгилүү болгон. Кыргыз тарап окуянын чоо-жайын сурап, Казакстанга нота жибергенден кийин 18-февралга караган түнү коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги ага жооп берип, депутат колго түшкөнүн ырастаган.

Абактагы саясатчылар ар кайсы колонияларга бөлүштүрүлөт

Абакта ачкачылык кармоону улантып жаткан оппозициячылар Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыровду ар кайсы колонияларга бөлүштүрүү тууралуу чечим кабыл алынганын алардын адвокаты Марс Кыдыкбаев билдирди. Анын айтымында, саясатчылар 20-февралда абактарга бөлүштүрүлөт:Үчөө үч башка абакка которулат деген сөз бар. Бирок ал азырынча тактала элек. Чогулуп алып, ачкачылык кармабасын деген саясат го. Жаза аткаруу кызматы абактагылардын бөлүнүшү тууралуу маалымат бере элек. «УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматтан кетсин» жана «соттор адилет чечим чыгарсын» деген талаптар менен Бектур Асанов 30-январдан, Карыбеков 31-январдан, Кадыров 1-февралдан тартып «кургак ачкачылык» кармай баштаган.

2,5 жаштагы бала тамакка ууланып каза болду

Кара-Суу районунда тамакка ууланып, ооруканага түшкөн 2,5 жаштагы наристе чарчап калды. Бул тууралуу Кара-Суу аймактык ооруканасынын директору Гүлкайыр Муратова  кабарлады.Анын айтымында, учурда Кара-Суу райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө беш адам, реанимацияда үч адам дарыланып жатат. Алардын абалы жакшы. Ал эми беш бала Ош облустук жана шаардык ооруканаларга которулган.Алардын ичинен облустук балдар ооруканасында дарыланып жаткан эки жарым жаштагы наристе 17-февралда чарчап калды.Кара-Суу районунда уулануунун белгилери менен он эки адам 13-февралда ооруканага түшкөн. Алардын ичинен бешөө балдар. Уулангандар бешик тойдо шире ичип, манты жегенин жакындары билдиришкен.Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин ооруканада жаткандарга «тамак-аштан ууланган» деген диагноз коюлганын кабарлаган.Дарыгерлер үй шартында жашылча-жемиштерди консервалоо кооптуу экенин, талапка ылайык жабылбаган идиштерде ботулизм микробу бат көбөйүп кетерин эскертишүүдө.


Количество просмотров: 10