• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Кара-Сууда Ак-Буура суусунун боюнан 31 жаштагы адамдын сөөгү табылды

11 Чын куран 2021 9:35 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылынын Даңги тилкесиндеги Ак-Буура суусунун боюнан 31 жаштагы С. уулу Ө. аттуу эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге ӨКМдин Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Количество просмотров: 76