• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Кара-Сууда каракчылыкка шектелген жарандар кармалды

6 Аяк оона 2023 15:28 Бишкек Govori.TV

Кара-Сууда каракчылыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 31-август күнү Кара-Суу РИИБине арыз менен Жийделик айылынын тургуну 1971-жылы туулган М.Ш. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 31-августка караган түнү саат 00:10 чамасында ага бейтааныш болгон “Рахатай” аттуу аял киши жана 1 белгисиз азият улутундагы эркек киши болуп жабырлануучуну ур-токмокко алышып үйүнөн 19 000 миң сом акчасын жана үй тиричилгине керектелүүчү буюдарын алып кетишкен.

Бул факт Кара-Суу РИИБине катталып, КР Кылмыш-жаза кодксинин 207-беренесинин («Каракчылык») негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралардын негизинде 2-сентябрь күнү Кара-Суу РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган Р.Д., жана 1994-жылы туулган С.Д., аттуу жарандар кармалып, камакка алынды.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Количество просмотров: 112