• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кара-Сууда вице-премьер А.Өмүрбекованы 2,5 саат күткөн окуучулар жыгылып кала жаздашты

28 Аяк оона 2018 15:12 Бишкек Govori.TV
Бишкек.28.09.2018.Govori.TV.
Кара-Суудагы мектептин ачылыш аземинин башталышын 2,5 саат бою күткөн окуучулардын башы айланып, алар тизилип турган катардан чыгарылды. Алар 3-4-класстардын окуучулары экени маалым болду.

Окуучулар концерттик номурларга 2,5 саат мурун даярдана башташкан. Даярдык көргөндөн кийин вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова баштаган делегацияны күтүп турушканда өздөрүн жаман сезишкен.

Бүгүн, 28-сентябрда Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагына караштуу Кызыл-Ордо айылында 9 жылдан бери курулушу бүтпөй келе жаткан Кызыл-Ордо орто мектеби пайдаланууга берилди. Аймактык кабарчы билдиргендей, жаңы имарат Алтынай Өмүрбекованын катышуусунда ачылып, кызыл тасмасы кесилди. Ачылыш аземге Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов, мурунку экономика министри Арзыбек Кожошев, өкмөттүн Оштогу өкүлү Узарбек Жылкыбаев да катышты.

Жаңы имараттын курулушу 2009-жылы март айында башталган. 320 орундуу мектеп эки кабаттуу болуп, спорт залы менен кошо курулду. Анын жалпы тендердик баасы 66 млн 242 миң сомду түзөт.

Булак: turmush.kg

Количество просмотров: 26