Панфилов районунудагы Эркин-Сай айылында кара жолтандабас айдаган белгисиз жарандар мектеп окуучуларын уурдаганга аракет кылып жатышат деген видео интернетте тарады. Анда аял окуучуну белгисиз жаран жетелеп бара жатканын жана кичинекей кыз жардам сураганын айтып жатканын угууга болот.
Ал эми Чүй ОИИБден бул факт каттоого алынып сотко чейинки иликтөө жүрүп жатканын билдиришти.
«Эркин-Сай айылында балдарды уурдап жатат деген билдирүү 22-январда 14:15тер чамасында келип түшкөн. Билдирүү түшкөн жерге барган милиция кызматкерлери окуучу кыздарды ата-энесинин катышуусунда сурашкан. Мындан сырткары башка да жергиликтүү тургундар суралган, бирок тааныш эмес унааны айылдан көрүшкөн эмес. Учурда жеринде текшерүүлөр жүрүп, иликтөө иштери уланууда», — деп билдирди маалымат катчы.