• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Карагер» каймана аты менен таанымал УКТ мүчөсү кармалды

5 Жалган куран 2021 16:41 Бишкек Govori.TV

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 33 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Карагер» каймана аты менен таанымал. Ал милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилди. УКТнын мүчөсү 38 жаштагы тургундун ишеничине кирип, андан кийин анын уруксатысыз борбор калаадагы «Аламедин-1» көчөсүндөгү батирин сатып жиберген.

Окуя 2019-жылдын сентябрында орун алган. Милицияга жабырлануучу арыз менен 2019-жылдын сентябрь айында кайрылган. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Бейбаштык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

«Тергөө жана издөө иш-чарасынын алкагында милиция буга чейин бир нече жолу соттолгон шектүүнүн изине түшүп, аны колго түшүрдү. Бишкек ШИИБи шектүүнүн башка кылмыш иштерине катышытыгы бар-жогун тактап жатат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 247