• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

31 Жалган куран 2022 11:42 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө Сузак районунун 67 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 22-март күнү саат 12:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы соода базарынын кире беришинде турган учурда бейтааныш адам Самсунг А20S үлгүсүндөгү кол телефонун “сүйлөшүп алайын” деп алдап алып, кайра бербей качып кеткендигин билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

«Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, жогорудагы окуяга шектелип буга чейин бир нече жолу соттолгон, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Жалал-Абад шаарынын тургуну, 1984-жылы төрөлгөн А.И. аттуу адам кармалган. Далил буюм катары Самсунг А20S үлгүсүндөгү телефон алынды. Учурда жабырлануучуга келтирилген чыгым толугу менен кайтарылып берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 190