• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Каракол аэропортунда үч жумушчуну оор темир басып калып, экөө каза болду

6 Кулжа 2023 14:27 Бишкек Govori.TV

«Каракол» аэропортун куруп жаткан жумушчуларды металл конструкциясы басып калып, эки жаран каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 5-июнда, саат 17:30дар чамасында болгон. Кырсыктын кесепетинен 1978-жылы туулган Ак-Суу районунун тургуну А.Р., жана 1981-жылы туулган Ак-Суу районунун тургуну Б.А., каза болгон. Мындан тышкары, 1970-жылы туулган О.А,, облустук ооруканага жеткирилип, учурда жандандыруу бөлүмүндө.

Ал эми маркумдардын жакындары курулуш жүрүп жаткан жерге барып, президентке кайрылуу менен жооптуу адамдарды жазага тартууну талап кылышты. Окуянын видеосун социалдык тармактарга тарады.

Количество просмотров: 104