• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Караколдо 1 млн сомго даараткана курулуп жатат

28 Жетинин айы 201914:34 Бишкек Govori.TV

Каракол шаарындагы Абит Ахматов атындагы №4 мектеп гимназиясына жаңы даараткана курулуп жатат, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, даараткананын курулушуна шаардык бюджеттен 1 млн сом бөлүнгөн.

«Мурунку даараткана 1991-жылы курулуп, эскилиги жеткендиктен жаңысын куруу чечими кабыл алынган. Жаңысын борбордук канализацияга туташтырып, кол жуунма дагы орнотулат», — деп билдиришти мектептен.

№4 мектепте 700гө жакын окуучу билим алат.


Булак: turmush.kg

Количество просмотров: 1031