• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Караколдо эреже бузуп, үлпөт тойдо кортеж менен чыккандар кармалды

27 Баш оона 202018:52 Бишкек Govori.TV

Каракол шаарында үйлөнүү үлпөт кортежинин айдоочулары бейбаштыгы үчүн кармалып, айыппул салынды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-августта социалдык тармактарда үйлөнүү үлпөт кортежинин айдоочулары ышкырып-кыйкырып, Каракол шаарынын көчөлөрүндө жол кыймылынын эрежелерин бузган видео пайда болгон. Натыйжада жол эрежесин одоно бузган айдоочулар кармалган.

«Хонда-Фит «унаасынын айдоочусу, Каракол шаарынын 20 жаштагы тургуну К.А. жана «ДЭУ-Некция «унаасынын айдоочусу 20 жаштагы С.А. кармалып, алардын ар бирине 7500 сомдон айып пул салынды. Унаалар Каракол шаарындагы унаа токтотуучу жайга киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 293