• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Караколдо мал базарга келүүчү жолдорду жабуу тууралуу чечим кабыл алынды

21 Жалган куран 202022:55 Бишкек Govori.TV

Каракол шаарынын аймагында адамдардын топтолушуна бөгөт коюу максатында мэриянын штабы мал базарга келүүчү жолдорду жабуу тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта республикалык штабдан билдиришти.

«Азыркы учурда Каракол шаарынын жана муниципалитеттин ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери рейддерди жүргүзүп жатышат. Үч уюм «Кызыл жарым ай коому», «Химия» аялдарды коргоо борбору жана Ленин атындагы №1 мектеп алдындагы эмгек кабинети медициналык маскаларды чыгарууга киришти. Өндүрүштүн кубаттуулугу аптасына 4 миң даана бет кап чыгарууга жетет», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 204