• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Караколдо жаңы жылдык балатынын оту жанды (видео)

16 Бештин айы 201918:14 Бишкек Govori.TV

Каракол шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балатынын оту жанды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлашты.

Эске салсак, Каракол шаарынын борбордук аянтына жаңы-жылдык балатынын эрте эле орнотула баштаганы буга чейин талкууга алынган эле. Ал эми Каракол шаардык «Тазалык» ишканасынын кызматкери Кожобек Жантаевдин айтымында, балатыны орнотуу үчүн бери жагы дегенде эле бир ай сарпталат.

Каракол борбордук аянтына балаты орното баштаган Кыргызстандагы биринчи шаар болду деп айтып жатышат. Эрте башталганынын себеби бизде күч аз. Балатыны орнотуу үчүн бери жагы дегенде эле бир ай сарпталат. Учурда 4 киши эмгектенип жатабыз 5 күндө араң сөлөкөтүн тургуздук. Кийин кооздоп баштайбыз”,-деп билдирди Кожобек Жантаев.

Эске салсак, Каракол борбордук аянтында балаты 14-ноябрда орнотулуп, интернет тармагында кызуу талкуу жараткан эле.

Количество просмотров: 101