• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Караколдо жол кырсыгынан 2 кыз каза болду

6 Бугу 20229:11 Бишкек Govori.TV

Каракол шаарында жол кырсыгы катталып, эки жаш кыз көз жумду. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 4-май күнү болжол менен саат 15:20 чамасында болгон. Караколдун Ю. Ф. аттуу тургуну Toyota Estima автоунаасы менен рулду башкара албай бордюрду сүзгөн.

«Кырсыктын кесепетинен анын 7 жаштагы кызы мүрт кетип, 2 жаштагы кызы реанимацияда үзүлгөн»,-деп айтылат маалыматта.

Жабыркагандар Ысык-Көл облустук оорукананын Травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Количество просмотров: 321