• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Карамушкина: Бүгүнкү күндө парламент элге эмес президентке кызмат кылууда

18 Кулжа 201914:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.06.2019.Govori.TV.

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссияга жооп кайтарышып, маалымат жыйын өткөрүшүудө. Анда Депутат Ирина Карамушкина сөз сүйлөп, азыркы парламент элге эмес Президентке кызмат кылууда деген пикирин айтты.

«Бүгүнкү күндө ЖКнын депутаттык курамы интриганын үстүндөгү иштерге аралашуу менен иш алып барышууда. Парламент бир тараптуу болуп калды. Анткени парламентте жада калса оппозиция жок. Баардыгы Жээнбековдун жана инилеринин кызыкчылыгында оюн ойноп жатышат. Массалык мыйзам бузуулар болууда.
Бүгүнкү күндө парламент элге эмес президентке кызмат кылууда»,-деди Карамушкина.

Эске салсак, депутаттык комиссия мурдагы мамлекет башчысы Атамбаевге тогуз бөлүмдөн турган оор айыптарды коюуда. Анын ичинде кызмат абалынан кыянат пайдалануу, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, коррупция, жерди мыйзамсыз трансформациялоо, акча адалдоо, Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жемкордук, бийликтин узурпациясы деген башка кинелер бар.

Количество просмотров: 13