• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Карамушкина үй камагына алынды

22 Баш оона 201920:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.08.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 22-августта депутат Ирина Карамушкинанын баш коргоо чарасы каралып, Биринчи Май райондук соту аны 8-октябрга чейин үй камагына алуу чечимин чыгарды.

Эске салсак, Башкы прокуратура Ирина Карамушкина Кылмыш-жаза кодексинин “барымтага алууга” беренеси боюнча шектелип жатканын билдирген.

7-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы башталып, эл менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери ортосунда кагылышуу орун алган. 8-августта Атамбаев камакка алынган. 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча КСДПнын мүчөлөрү Фарид Ниязов, Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин камакка алынган.

Количество просмотров: 38