• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Карамушкина менен Кодуранова КСДПнын катарынан чыгарылат

16 Баш оона 201919:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.08.2019.Govori.TV.

ЖК депутаттары Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова КСДПнын катарынан чыгарылат. Бул тууралуу VB.kg агенттиги КСДПнын лидери Сагынбек Абдрахманов билдиргенин жазды.

Анын айтымында депутаттар өздөрү туура эмес кадамдарды кылышкан.

«Маселенин баары депутаттар Кой-Ташка баруу менен, ал жакта болгон башаламандыкты уюштурууга, аскерлерди барымтага алууга катыштыгы болуп калды десек болот. Партиялаштарыбыздын мындай кадамдарына КСДП мүчөлөрү баа берүүсү керек. Көбүнчө жергиликтүү региондордо бул маселе талкууга алынып, жогоруда аталган депутаттардын мандатын алуу сунушу киргизилүүдө. Партиялык түзүмдөр тарабынан депутаттар Карамушкина, Кодуранова, Орозова жана Мадеминовдун кыймылдарына баа берилген соң акыркы чечим чыгат»,-деген ал.

Эске салсак, 7-8-августта Кой-Ташта Атамбаевди кармоо операциясы  өтүп, күч органдары менен мурдагы президенттин тарапташтарынын ортосунда тиреш болгон. Башалмандыкта атайы кызматтын аскери каза болуп, бир топ адам жаракат алган.

Количество просмотров: 15