• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Карамушкина психиатриялык экспертизадан өз ыктыяры менен өтөт

10 Бештин айы 20199:36 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина психиатриялык экспертизадан өтөт. Бул тууралуу эл өкүлү журналисттерге билдирди.

«Бүгүн мага жактоочум чалып, соттук-психиатриялык экспертизадан өтүүм керектигин, бирок бул милдеттүү эместигин айтты. Бирок мен экспертизадан өтөм, ал жерде кандай иштешээрин көргүм келип жатат», — деди Карамушкина.

Эске салсак,  Кой-Таш айылында барымтага алуу жана массалык баш аламандык фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтөөдө.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн иликтөөдө 16 адам шектүү катары жүрүп, алар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдалган.

Количество просмотров: 101