• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Карамушкина: Тергөөчүлөр телефонумду тартып алышты

5 Аяк оона 2019 13:54 Бишкек Govori.TV

Тергөөчүлөр депутат Ирина Карамушкинанын телефонун тартып алышты. Бул тууралуу депутат Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

«Протоколго мен телефонду алуу менен алар депутаттын статусун бузушту деп жаздым. Анткени өлкөнүн мыйзам чыгаруу органынын өкүлүмүн. Мага шайлоочулар, журналисттер жана балдарым чалат. Сотко арызданыңыз дешти. Күлкү келтирерлик. Бүгүн сотко ким ишенет?», -деп жазды депутат.

Эске салсак, Ирина Карамушкна 7-августта Алмазбек Атамбаевдин үйүндө кишилерди барымтага алганга катыштыгы бар деп шектелип, соттун чечими менен ал үй камагына чыгарылган.

Количество просмотров: 244