• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Карамушкина Жээнбеков аны кабыл албай койгонун айтты

29 Жетинин айы 2018 11:33 Бишкек Govori.TV
Бишкек.29.11.2018.Govori.TV.
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина КСДПнын мүчөлөрүнө кайрылып, партиянын лидери Алмазбек Атамбаев менен иштешүүнү каалабагандарды партиядан чыгып кетүүгө чакырды. Бул тууралуу ал 29-ноябрда парламенттин жалпы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Ал партияны бөлүп-жарууга “деструктивдүү күчтөр” кызыкдар экенин кошумчалады.
— Менин кесиптештеримдин партия лидери менен сүйлөшпөй калганы өкүндүрөт. Партиянын саясий кеңешинин чечимдерин көрмөксөнгө салып жатышат. Муну менен силер партияны гана эмес, шайлоодо колдогон элди сатып жатасыңар.
Депутат “мунун баары бийликтеги кимдир бирөөлөрдүн таасири алдында болуп жатат” деп эсептейт:
— Ким Атамбаев менен баргысы келбесе, арыз жазып партиядан чыгып кеткиле. Өзүңөрдүн партияңарды түзгүлө, элге таанылып калган партиянын брендин жана логотибин колдонбогула.
Карамушкина мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, өлкө лидери, партия мүчөсү катары ушул маселеге көңүл бурууну өтүндү. Карамушкина бир ай мурда президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев аркылуу жолугууга аракет кылганда, кабыл албай койгонун айтты.
28-ноябрда Свердлов районунда “Атамбаевсиз КСДП” жыйыны өтүп жаткан жерге парламент депутаты Ирина Карамушкина барып, чогулгандарга конференция мыйзамсыз өтүп жатканын билдирген.
Залда чогулгандар менен кайым айтышуу болгон. Залда чогулгандар Ирина Карамушкинаны чыгып кетишин талап кылып, алар партиянын мүчөлөрү экенин жана жыйындар мыйзамдуу өтүп жатканын айтышкан.
Количество просмотров: 33