• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

“Карамынбы же акмынбы, башкысы хирургмун». Министр депутаттын сынына жооп берди

14 Жалган куран 2024 17:18 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев депутат Жусупбек Коргонбай уулунун билдирүүсү боюнча жооп берди.

“Мен “карамынбы же акмынбы”, башкысы хирургмун. Мага кайрылгандардын баарын операция кылам. 2000-жылдары мен №47 колониянын ооруканасында консультант болуп иштегем. Ошол убакта операцияга муктаж адамдардын баарына жасап тургам. Алар да Кыргызстандын жарандары да. Хирургдар абакта ооруп калгандарга азыр да операция жасап келишет. Анда алардын баарын тең “кара хирург” деп айтабызбы?”, — деп айткан министр «Азаттыкка» берген комментарийинде.

Эске салсак, бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйыныда депутат Жусупбек Коргонбай уулу сөз сүйлөп, Саламаттык сактоо министринин дарегине сын пикирин айткан.

Депутат өз сөзүндө акыркы күндөрү ооруканада дарыгерлердин шалаакылыгынан каза болгондор көбөйүп жатканын билдирип, министрдин жоопкерчилигин кароо маселесин көтөрүп, ошондой эле депутат министрди «каралар менен байланышы бар» деген пикирин айтты.

Количество просмотров: 359