Кыргыз-кытай «Торугарт» чек ара өткөрмө пунктунда 2019-жылдын 29-октябрында Кытайдан Кыргызстандын аймагына ташылып келген фитосанитардык тобокелдиги жогору болгон карантинге алынган 50 тоннадан ашык эки партия жүк (жаңы алмалар) кармалган.
Маалыматка ылайык, коштоочу документтерди жана жүктү карап чыгууну текшерүү учурунда, карантинге алынган продукциялардын партиясы ЕАЭБтин техникалык регламенттерин жана Бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарын бузуу менен (маркалоонун жоктугу жана тез бузулуучу азыктарды ташуу талабы) ташуу белгиленген.
Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызматкерлеринин текшерүүсүнүн астында карантинге алынган продукциянын партиясын Кыргызстандан Кытайга кайтарылды.