• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Карапайым эл үчүн электр энергиясынын баасын көтөрбөө сунушталды

10 Бугу 2021 13:39 Бишкек Govori.TV

Карапайым эл үчүн социалдык тарифтерди калтыруу керек. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда эксперт Расул Умбеталиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Умбеталиевдин айтымында, электр энергиясын ким канчалык көп колдонсо, ошончолук көп төлөсүн.

«Бүгүнкү күндө өлкөдө энергетика тармагы оор акыбалда. Кирешеден чыгаша көп. Кыргыз энергетикасынын карызы 129 млрд сомго жетти. Энергетиканы саясатташтырган аткаминерлер ушул абалга алып келишти. Президент Садыр Жапаров электр жарыгына болгон тарифти өзгөртүү керектиги тууралуу пикирин 21-апрелде өкмөт үйүндө өткөн жыйында айтты. Учурда бийлик тараптан электр энергиясын азыркы экономикага шайкеш келтире тургандай сунуштар киргизилүүдө. Бирок мен президентке карапайым эл үчүн социалдык тарифтерди калтырсак деген сунушум бар. Жалпы элге 77 тыйындын ордуна 1 сом 48 тыйын деген тарифти бир жагынан колдоп, ошол эле учурда социалдык тарифти калтыралы деп сунуштап жатам. Анткени азыркы учурда элдин жашоо-шарты оор. Карапайым элге социалдык норманы 700 киловатт бойдон калтырып, ким 700 киловаттан 2 миң киловаттка чейин колдонсо 1 сом 48 тыйын кылуу керек. Эгерде 2 миң киловаттан 5 миң киловаттка чейин колдонсо 2 сом 50 тыйындан төлөсүн. Ким 5 миң киловаттан 10 миң киловаттка чейин колдонсо 5 сомдон төлөсүн, ким 10 миң киловатт айына колдонсо 10 сомдон төлөсүн деген сунушту айтам. Электр энергиясын ким канчалык көп колдонсо, ошончолук көп төлөсүн. Ушул сыяктуу чектөөлөрдү койсок калыстык болот”, — дейт Умбеталиев.

 Буга чейин президент Садыр Жапаров энергетика тармагындагы адистер менен кризистен чыгуу жолдорун талкуулап, ал үчүн электр энергиясына болгон тарифти жогорулатууну сунуштаган.

Кошумчалай кетсек, учурда Кыргызстанда 700 кВт/саатка чейинки электр энергиясынын 1 кВт саатына 77 тыйын төлөнөт, андан ашса 2 сом 16 тыйындан алынат. Бул 2015-жылы бекитилген тариф.

Количество просмотров: 1475