• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Карасартова: Азыркы бийликтин мага үчүнчү сунушу болду, аны кабыл алдым

3 Бештин айы 2019 18:55 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп Рита Карасартова дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бүгүн билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жаңы дайындалган директорду кесиптик-техникалык агенттигинин жалпы жамаатына тааныштырды. Ал эми Рита Карасартова азыркы бийлик келгенден бери бул жолку сунушу 3 экенин айтып, алдыдагы пландары менен бөлүштү.

«Биринчи сунушту даро эле четке каккам, себеби ал тармакты мен билчү эмесмин, экинчи сунуштан менин принциптериме туура келбейт деп баш тарткам. Ал эми бул үчүнчү сунуш болуп, ойлонуп, аны кабыл алдым», — деди Карасартова.

Количество просмотров: 69