Салык кодексине кайра-кайра өзгөртүүлөрдү киргизе бербеш керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев билдирди. Анын айтымында, өлкөгө ири инвесторлор ойдогудай келбей жатат.
“Инвесторлор келиши үчүн салык, коммуникация жагынан дагы шарт түзүп, өлкөдө туруктуулук болушу шарт. Ошондо инвесторлор келет деген ой бар. Өкмөт деле болгон аракетин кылып жатат. Тилекке каршы, баары ишке ашпай калып жатат”,-деди Карашев.