• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Каратаев: Коронавирус тастыкталган учурлар азайып жатат

13 Баш оона 202013:25 Бишкек Govori.TV

Учурда лаборатордук түрдө тастыкталган коронавирус инфекциясы азайганы байкалууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев бүгүн, 13-августтагы брифинг учурунда билдирди.

«Лабораториялык жактан тастыкталган COVID-19дун көрсөткүчү негизинен азайып жатат. Мисалы, бүгүн 75 учур катталды, ал эми пневмония менен бир суткада 235 адам катталды. Кыргызстанда COVID-19дун жалпы катталган учуру — 17 миң 786, пневмония — 23 миң 283 учур. Коронавирустун жайылуу деңгээли 2-июнда көбөйүп, 18-июлдан баштап азайды. 14 күндөгү абалды карасак вирустун жайылышы 27 пайызга азайды», -деди Каратаев.

Количество просмотров: 114