• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Каргабаев: Бабановго кылмыш-иш козгоого негиз жок

27 Жалган куран 2019 12:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 27.03.2019. Govori.TV.

Өмүрбек Бабанов бардык убадаларын аткарды. Анын эч кандай күнөөсү жок. Бул саясий кызыкчылыктардын гана негизинде кылмыш иши козголгондугун Өмүрбек Бабановдун өкүлү Ислам Каргабаев билдирди.

«Мен Өмүрбек Бабановдун өкүлү катары жактоочулар менен иштешип келем. Өзүм дагы тажрыйбалуу юристмин. Бабановдун ишинде кылмыштын эч кандай белгилери жок»,-деп билдирди Каргабаев.

Кошумчалай кетсек, буга чейин мурдагы депутат, президенттике талапкер Өмүрбек Бабановдун өлкөгө келээри айтылган. Бул тууралуу УКМК Бабанов келсе мыйзам чегинде жоопко тартылаарын билдирген.

Кошумчалай кетсек, Бабановдун өкүлдөрү ал менен байланышканда, сөзсүз түрдө мекенине кайтып келээрин айткан.

«Бабанов мен өзүмдүн милдетимди толук аткардым. Кандай болгондо да мен мекениме барам. Биз аны колдодук»,-деди Каргабаев.

Количество просмотров: 12