• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Каримованын Кремлде өтө турган концерти талкууга жем таштады

21 Баш оона 201911:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.08.2019.Govori.TV.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова 23-октябрда Орусиянын борборундагы Кремлде концерт берет. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына жазды.

Каримованын Кремль сарайында өтүүчү концерти көпчүлүктүн талкуусуна жем таштады. Айрымдары ырчыны бул концертти өткөрүү үчүн тажрыйбасы аз экенин белгилешсе, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Надира Нарматова: «Самара Каримовага оомат тилейли. Дараметин сынап көрсүн. Кремлде концерт коюу бешенеси. Ич күйдүлүк кылып сындабагыла.Убакыт тараза»,-деген билдирүүсун фейсбуктагы баракчасына жазган.

Кошумчалай кетсек, «От сердца Азии к миру» деп аталган концертти Орус филармониялык оркестри коштойт. Каримова кеченин коногу In-Grid менен дуэт аткарат. Билет баасы 800 рублдан баштап 10 миң рублга чейин.

Количество просмотров: 14