• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Каркырада казак чек арачылары тарабынан кармалган 22 жаштагы жигит качан бошотулат?

27 Үчтүн айы 2022 12:17 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Каркыра жайлоосунан Казакстандын чек арачылары кармап кеткен Сыймык Өмүрбек уулунун соту жакынкы күнгө белгиленген. Бул тууралуу Govori.TVга Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов билдирди.

Арипов билдиргендей, Сыймык Өмүрбек уулу чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө айыпталууда. Учурда ал тергөө абагында кармалууда.

«Кыргыз-казак чек ара аймагында кармалган жаран боюнча Алматыдагы башкы консулдук Казакстандын Тышкы иштер министрлигине нота жолдогон. Анда иликтөө иштерин туура жана түз жүргүзүү тууралуу, ошондой эле биздин жаранды бошотуу боюнча нота жиберилген. Биздин консулдук Казакстандагы тиешелүү органдар менен байланышып иштеп жатат. Соттун чечимин күтүп жатабыз, отурум жакынкы күнгө белгиленген. Жараяндан кийин бошотулушу керек»,-деди Арипов.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Каркыра жайлоосунан Казакстандын чек арачылары кармап кеткен Сыймык Өмүрбек уулунун апасы Чынара Тамаева буга чейин презединт Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган. Анда ал 1999-жылкы студент уулу мал издеп жүрүп коңшу өлкөнүн чек арасына кокусунан өтүп кеткенин айтып, аны кайтарып келүүгө көмөк сураган. Окуя 10-январда болгон.

Сыймык Өмүрбек уулунун кармалышы боюнча маселе 12-январда Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлүп, тиешелүү мекеме-органдарга протоколдук тапшырма берилген.

Количество просмотров: 70