Ысык-Көл облусундагы Каркыра жайлоосунда Кыргыздын XX кылымдагы чыгаан жазуучусу, Кыргыз Эл Баатыры, академик Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдык, Кыргыздын улуттук театры менен киносунун жаркын таланты, улуу актер Советбек Жумадыловдун 90 жылдык мааракеси өтүп жатат.
Маалыматка караганда, маараке эки күнгө уланып, эки күн бою Манас айтылып, төкмө акындар төгүп, айтыш өнөрү тартууланат. Ошондой эле улуттук оюндар ойнолуп, чоң программадагы салтанат менен коштолот.
Жалпы улуттук оюндарга байгелер: 6 автомашина, акчалай сыйлыктар жана төкмө акындардын айтышына 1 млн. сом каралган.