• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Кармалгандар Саимаитини өлтүргөнү үчүн миң доллар алышканбы?

14 Жетинин айы 201911:55 Бишкек Govori.TV

Ишкер Айеркен Саимаитинин өлүмүнө шектүүлөр аны 1 млн 250 миң доллар карызы үчүн өлтүрүшкөн. Бул тууралуу «Сабах» гезити жазып чыкты.

Ал эми «Е24» сайтынын маалыматы боюнча, шектүүлөргө ишкерди өлтүрүшкөнү үчүн миң доллар төлөп беришкен. Алар Сириядагы жаңжал чыккан аймактагы «Аль Нуср» тобунун курамында болгон.

«Кыргызстандын 2 жараны 2017-2018-жылдары Сирия тарап менен Түркия тарапка киришкен», — деп жазды гезит.

Муну менен катар эле алар Сириянын жасалма күбөлүктөрүн колдонуп жүрүшкөн. Шектүүлөр кармалганда жасалма айдоочулук күбөлүктөр да табылды.

Түркиянын Стамбул шаарында 10-ноябрда кечинде ишкер Айеркен Саимаитини атып өлтүрүп кетишкен. Анын ысымы Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар тууралуу журналисттик иликтөөдө айтылган болчу.

Полиция Адана шаарында Кыргызстандын эки жаранын — Хусейн Ахметалиев менен Абдулла Энвер, Сириянын жараны Али Исбени кармашты. Алар Сирияга качып кетүүгө аракет жасашкан. Полиция шектүүлөрдүн изине камерадагы видео аркылуу түшкөн.

Мамлекеттик каттоо кызматы ишкер Айеркен Саимаитинин өлүмүнө шектелип кармалган 2 адамдын жарандыгы тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты. Мамкаттоо «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамдын 6-беренесин жүйө келтирди.

«Өздүк маалыматтар жашыруун маалымат болуп эсептелинет. Ошондуктан шектүүлөр Кыргызстандын жараныбы же жопку айта албайбыз. Тигил же бул адамдын жарандыгы да жашыруун маалымат болуп саналат», — деп түшүндүрүштү аталган кызматтан.

Ишкер өлтүрүлгөн жердин жанынан Стамбулдагы башкы консул Эркин Сопоковго таандык 34 CC 2902 дипломатиялык номуру тагылган «Рендж Ровер» үлгүсүндөгү унаа табылган.

Тышкы иштер министрлиги: «Сопоков эмне үчүн унаасы ишкер өлтүрүлгөн жердин жанынан табылганын түшүндүрө алган жок», — деп билдирди.

Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоков президенттин жарлыгы менен ээлеген кызматынан бошотулду.

Кечээ, 13-ноябрда Кыргызстандын Ички иштер министрлиги расмий маалымат таратты: «2017-жылы 23-майда Кыргызстандын ички иштер органдарына Кытай Эл Республикасынын 1988-жылы туулган жараны А.А. арыз менен кайрылып, Кытайдын жараны Айеркен Саимаитиге чара көрүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, Саимаити 2016-жылдын 14-августунан 2017-жылдын 28-февралына чейин Ош облусунун Кара-Суу районундагы базарда 3 млн 28 миң 168 сомун алдап алып, качып кеткен.

Бул факт боюнча Кылмыш жаза кодексиндеги 166-берене (эски редакция, алдамчылык) боюнча кылмыш иш козголгон. 2017-жылдын май айында тергөө бөлүмү тарабынан Кытай Эл Республикасынын жараны Айеркен Саимаитини айыпталуучу катары жоопко тартуу жөнүндө токтом чыгарылып, камакка алуу үчүн ага издөө жарыяланып, андан соң эл аралык издөөгө алынган

Мындан тышкары издөөгө алынган Саимаити Кыргызстандын 1982-жылы туулган жараны Самятов Эркин Салимовичтин атына мыйзамсыз берилген паспортту (ID-карт, жалпы жарандык паспорт) колдонуп жүргөнү аныкталган. Бул факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы быйыл июль айында Жазык кодексиндеги 330-берене (паспортту мыйзамсыз берүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган».

Булак: АКИ пресс.

Количество просмотров: 75