• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Карылар үйүндөгү коррупцияны айткан кызматкерлер митингге чыгып, ачкачылык жарыялашты

7 Тогуздун айы 201913:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэриясынын алдына карылар үйүнүн жумуштан алынган кызматкерлери ачкачылык акциясына чыгышты. Аладын айтымында кызматтан коррупциялык иштерди айтып чыккандары үчүн мыйзамсыз алынышкан.

«Бишкек шаардык Абай көчөсүдө жайгашкан карылар үйүндө коррупциялык иштерди айтып чыккандарды кызматтан алып, алардын кайрылган жери калган жок. Бирок кайрылуулардан эч кандай майнап чыкпай жатат. Карылар үйүндө жетекчилик тарап жумушчуларын кыйнап, жардам ирээтинде келген эттерди саткыла деп бөлүп берип, самын, порошоктордон бери саттырат. Ал эми карылардын пенсияларын да алып койгон фактылар да бар», — деди укук коргоочу Тимур Махмудов.

Ал кошумчалагандай карылай үйүнүн директору Эмилбек Каптагаевдин эжеси экенин айтып, нааразы болгон тараптын үнүн угуудан баш тартып жатат деди.

Количество просмотров: 43