Нарында карыяны коркутуп, видеого тарткан 27 жаштагы Ж.А. менен 28 жаштагы М.М. аттуу адамга иш козголду. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн ошол эле күнү жогорудагы жарандар Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
«Бүгүнкү күндө шектүүлөргө Кочкор РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 170-беренеси («Адам уурдоо») боюнча сотко чейинки өндүрүш жана териштирүү иштери жүрүүдө», — деп билдиришти облустук милициядан.
Буга чейин социалдык тармактарда автоунаанын ичиндеги эки кишинин «колу-бутун байлап, талаадан, мүрзөдөн өлтүрөбүз» деп карыяны коркуткан видеосу тараган. Маалым болгондой, окуя Кочкор районунда болгон.
Нарын облустук милиция аксакалды коркуткандар ошол күнү кармалганын билдирген.