• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Каржы полициясы «Азаттыктын» иликтөөсүндөгү документтер толук берилбей жатканын айтышты

27 Кулжа 201919:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.06.2019.Govori.TV.

«Азаттык» май айынын соңунда жарыяланган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө айтылган маалыматтарды териштирүүгө байланыштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы иликтөөдө көрсөтүлгөн документтердин дагы бир бөлүгү (50 миллион доллар өлчөмүндөгү каражаттын төлөө тапшырмасы тууралуу) келип тушкөн. Анткен менен сотко чейинки териштирүү иштерин баштоого болбойт, себеби, «Азаттык» документтердин калган бөлүгүн дагы да тапшыра элек.

Мындан улам, «Азаттыктын» жана журналист А. Токтакуновдун шашпаган кадамдарына суроолор жаралып жатканын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы билдирүүдө.

Эске салсак, иликтөөдө пайдаланылган документтердин бир бөлүгү бул мекемеге 18-июнда расмий берилген. Иликтөөдө журналист таянган документтердин экинчи бөлүгү да Финансы полициясына тапшырылат.

13-июнда Финполиция Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде «Азаттык» иликтөөдө пайдаланган документтерди сураган.

Количество просмотров: 12