• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кашкар Джунушалиев Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлудан Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча маалыматтарды сурады

26 Жетинин айы 2019 10:16 Бишкек Govori.TV

2019-жылдын 25-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев Түркиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин ички иштер боюнча кеңешчиси Мехмед Татлы жана Түркия Республикасынын ички иштер министрлигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Тунжай Алян менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө бир катар маселелерди, анын ичинен Стамбулда жасалган кылмыш-Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча иликтөөнүн жүрүшүн талкууга алышты. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен телефон аркылуу сүйлөштү. Тараптар укук коргоо органдарынын учурдагы эки тараптуу кызматташууларына жогору баа беришип, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоо максатында мындан ары куч-аракеттерди жумшоолорун баса белгилешти.



Телефон менен сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча зарыл болгон маалыматтарды берүү жөнүндө макулдашышты. Кашкар Джунушалиев өлкөлөр ортосундагы көп жылдык достук мамиле Кыргызстан менен Түркиянын укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташууну бекемдөө менен профессионалдык карым-катнашын өнүктүрүүгө кызмат кылаарын билдирди.

Количество просмотров: 146