Кашкар Жунушалиев: Кыргызстанда жыл башынан бери уюшкан кылмыштуу топтун 181 мүчөсү кармалды
Кашкар Жунушалиев: Кыргызстанда жыл башынан бери уюшкан кылмыштуу топтун 181 мүчөсү кармалды
24 Тогуздун айы 2018 12:18 Бишкек Govori.TV
Бишкек.24.10.2018.Govori.TV.
Кыргызстанда жыл башынан бери уюшкан кылмыштуу топтун 181 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу маалымат жыйында ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев билдирди.
Айтымында, жыл башынан бери 22 миң 948 кылмыш катталды. Анын 15 миң 294үнүн бети ачылды.
Ички иштер органдары тарабынан 18 миң 503 кылмыш иши козголуп, алардын 12 миң 712си сотко өткөрүлүп берилди. Бул убакыт аралыгында 1 миң 538 кылмышкер кармалган, алардын ичинен 181и уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү.