• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Кашкар Жунушалиев милициянын эр жүрөк кызматкерлерисиңер деди

27 Баш оона 2019 10:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 27.09.2018. Govori.TV

2019-жылдын 27-август күнү шаардын эски аянттындагы Өкмөт үйүнүн алдында Бишкек гарнизонунун ички иштер органдарына саптык- тескеме өтүлдү. Салтка айлангандай, милиция бөлүмдөрүнүн саптык кароосунда ИИОнун кызматкерлеринин коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызматтык милдеттерин аткаруудагы, андан сырткары саптык даярдыгы, сырткы келбети текшерилди.
30-августан баштап Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого, ошондой эле өтө турган эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга байланыштуу ички иштер органдарынын өздүк курамы кызматын өтөөдө күчөтүлгөн тартипке өткөрүлөт. Иш-чараларды өткөрүүдө ал жайларга жакын жерлерде ички иштер органдарынын атайын кызматтары ыкчам иш-чараларды жүргүзөт. 


Саптык кароо-тескемеге ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев, министрдин орун басарлары, ИИМдин борбордук аппаратынын, Бишкек шаардык, Чүй областтык башкармалыктардын жетекчилеринин катышуусунда өткөрүлдү. 
Өздүк курамдын алдында ИИМдин башчысы Кашкар Джунушалиев ички иштер органдарынын алдында өлкөнүн ичиндеги тартипти камсыздоо жоопкерчилиги абдан жогору экендигин белгиледи. Милиция ар дайым коомдук тартипти камсыздоо менен кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча тапшырмаларды аткарууну камсыздап келет. Милиция кызматкерлери жарандардын укугун кынтыксыз коргоп, коомдук тартипти сактоодо мыйзамга ылайык аракеттенүү керектигин дагы бир жолу эскертти. Кыргыз милициясы элдин ишенимине арзуусу үчүн өздүк курам күнү, түнү өзүнүн жоопкерчилигин сезе билип, элдин мүдөөсүн аткарып, элге ар дайым жардамга келип, коомдук тартипти сактоодо жогорку чеберчилигин көрсөтүүсү зарыл деди.

Ошондой эле 7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндөгү окуяларда милиция кызматкерлеринин иш-аракеттерине жакшы жогору баасын берип, силер ар дайым коомдук тартипти коргоонун эр жүрөк кызматкерлерисиңер,-деди. Министр Кашкар Джунушалиев сөзүнүн аягында эгемендүүлүк күнүнө карата бардык өздүк курамга бекем ден соолук жана оор бирок сыймыктуу иштеринде ийгиликтерди каалады.


Аянтта салтанаттуу жүрүш менен ИИМдин тез чара көрүү атайын отрядынын, атайын багыттагы полктун жоокерлери, Академиянын курсанттары, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы, аймактык башкармалыктар менен Бишкек шааардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын ички иштер бөлүмдөрүнүн, милициянын кайгуул-күзөт кызматынын, кинологиялык бөлүмдүн кызматкерлери салтанаттуу жүрүш менен өтүштү.


Саптык кароонун аягында милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоого өз кызмат орундарына жиберилди. Майрамдык иш-чараларды өткөрүү маалында Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шарларында жана бардык аймактарында коомдук коопсуздукту жана коомдук тартипти сактоо үчүн ички иштер органдарынын бардык өздүк курамы жана элдик кошундар да тартылат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Количество просмотров: 15