• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кашкар Жунушалиев: Музей иши тергелип жатат

5 Бештин айы 2019 14:57 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Курманкул Зулушев Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге кайрылып, музей тууралуу да маалымат берүүнү айтты.

Ал эми министр музей иши тергөөгө алынганын айтты.

«Биз бирдиктүү реестрге каттап, бүгүнкү күндө тергөө иштери жүрүп жатат. Ал жерде музейде болгон иштер боюнча жана директорунун арызынын негизинде, коркунуч туудурулган деген боюнча тергөө жүрүп жатат», — деди Жунушалиев.

Эске салсак, парламент жыйынынын биринчи бөлүгүндө, депутат Зулушев сөз сүйлөп: “Коомчулуктун дүрбөлөң түшкөнүндө негиз бар. Бир жумадан бери маданиятыбызга жана каада-салтыбызга шек келтирген чуулгандуу көрүнүштөр болуп коомчулук да депутаттар да айтып жатат. Буга укук коргоо органдары кандай баа берүүдө. Коомдук жайда абийрин көрсөтүп жылаңачтанып басуу маданиятпы же укук бузуубу? Бул боюнча бизге  ИИМ маалымат берсин”, – деген.

Белгилей кетсек, буга чейин кызматтан алынган Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин мурдагы директору Мира Жангарачева, анын дарегине коркутуулар келип жатат деп милицияга арыз жазганын айткан.

Мира Жангарачева жакында Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өткөн чуу салган феминнале көргөзмөсүнөн соң, арызын жазып кызматтан кеткен.

Коомчулукта бул көргөзмөнүн талкууга алынуусунун себеби болуп, анда жылаңач кыздын жүрүүсү, ич кийимдердин илинүүсү болгон. Мындан улам жарандык активисттер чогулуп Маданият министрлигинин алдына акцияга чыгышып, уюштургандарды жана музей директорун жоопко тартууну талап кылышкан эле.

Количество просмотров: 59