Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жок Курсан Асановго милиция кызматкерлери честь берип, салтанаттуу жүрүш кылышты.
Өкмөт алдында чогулган тартип сакчылар элдик кошуун менен биргеликте шаарда тартип сакташмакчы.
Алгач ИИМ министринин милдетин убактылуу аткарып жаткан Асанов сөз сүйлөп, милиционерлер борбордогу тартипти көзөмөлдөшмөкчү.
«Мен элдин каалоосу менен министрдин милдетин аткарып жатам. Мыйзамдуу чечим жакынкы арада кабыл алынат. Милиция элдин балдары, андыктан тартип сактоо аракетин көрүүсу керек», — деди Асанов.
Учурда, Бишкектеги милиция кызматкерлеринин баары штаттык режимде иштеп жатат.