• Шейшемби 28 Теке 2026
  • Вторник 28 Июль 2026

Каспий деңизине азербайжандык «МиГ-29» аскер учагы кулап түштү

25 Теке 201913:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.07.2019. Govori.TV

Каспий деңизине азербайжандык «МиГ-29» аскер учагы кулап түштү. Бул тууралуу Азербайжандын Коргоо министрлининин расмий сайтында айтылды.

«24-июлда болжол менен саат 22:00дө окуу-машыгуу учурунда Азербайжандын аскердик аба күчтөрүнүн «Миг-29» учагы радар экранынан жоголуп кетти», — деп айтылат маалыматта.

Алдын ала божомолдорго караганда, аба кырсыгынан кийин аскердик учак Каспий деңизине кулап түшкөн. Учкучту издөө жана куткаруу иштери жүргүзүлүп жатат.

Ал эми Коргоо министрлигинин тапшырмасы менен түзүлгөн комиссия кырсыктын келип чыгуу себебин териштирип баштады.

Количество просмотров: 20